1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
01.06.2026 10:30
9
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
Манас шаарында 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Балдардын күлкүсү – жаркын келечегибиз» аталышындагы майрамдык иш-чара Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы аянтта өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Венера Салямова, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, Манас шаардык кеңешинин депутаты Айзат Саттарова, шаар тургундары жана жаш жеткинчектер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн түрдүү оюн-зоок программалары, спорттук мелдештер, сүрөт тартуу сынактары жана кызыктуу көңүл ачуучу оюндар уюштурулду. Балдар өздөрүнүн жөндөмдөрүн көрсөтүп, майрамдык маанайга бөлөнүштү. Сынактарда жеңишке жетишкен катышуучуларга белектер тапшырылды.
Иш- чара соңунда мында келген балдарга акысыз белектер таратылды.