2026-жылдын 3-июнунда Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

03.06.2026  13:40

6

2026-жылдын 3-июнунда Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

2026-жылдын 3-июнунда Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

🔹Отурумдун жүрүшүндө шаар аймагындагы бир катар көчөлөргө, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине белгилүү инсандардын ысымдарын ыйгаруу боюнча жарандардан жана демилгелүү топтордон келип түшкөн сунуштар каралды.

Тактап айтканда, Көк-Арт, Курманбек, Спутник, Ч.Айтматов, М.Т. Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы бир катар көчөлөргө, ошондой эле №75-лицейге жана №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ысым берүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, Манастын 40 чоросунун ысымын аты жок көчөгө ыйгаруу боюнча сунуш дагы каралды.

🔹Ошондой эле реконструкциядан өткөрүлүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүсү күтүлүп жаткан “Жеңиш” эс алуу багынын аталышын “Манас” эс алуу багы деп өзгөртүү боюнча сунуш комиссия мүчөлөрүнүн кароосуна коюлду.

📍Күн тартибиндеги маселелер тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн жана демилгечилердин катышуусунда талкууланып, комиссиянын корутундусу даярдалды. Каралган сунуштар Манас шаардык депутаттар кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибине киргизүү үчүн жактырылды.