23-июнь күнү Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.
23.06.2026 10:30
12
23-июнь күнү Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.
Майрамдык салтанатка Манас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Айбек Тешебаев, шаар мэри Уларбек Исмаилов жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Тешебаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Манас шаарынын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы зор экенин белгилеп, бир катар кызматкерлерге Манас шаардык кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.