АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНГАН СПОРТЧУНУ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ
20.04.2026 14:00
8
Манас шаарында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, алтын медаль тагынган Асан Жанышовду тосуп алуу аземи салтанаттуу өттү.
Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, чемпиондун жакындары, машыктыруучулары жана Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары катышты.
Анда төрага спортчунун жараткан ийгилиги менен куттуктап, Манас шаардык кеңеши спортчуларды ар тараптан колдоого даяр экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик тарабынан чемпион Асан Жанышовго 200 миң сом, ал эми анын машыктыруучусуна 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктын сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарында спорттук күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өткөрүлдү. Континенталдык мелдешке Азиянын 28 өлкөсүнөн 350гө жакын спортчу катышты. Бул мелдеште Асан Жанышов 87 кг салмак категориясында мыкты жыйынтык көрсөтүп, 4 беттеш өткөргөн.
Бул жеңиш Манас шаары үчүн тарыхый жетишкендик болуп саналат. Анткени, буга чейин Раатбек Санатбаев 1999–2000-жылдары 85 кг салмакта эки жолу Азия чемпиону болгон. Андан бери 26 жыл өткөн соң, Асан Жанышов бул ийгиликти кайрадан кайтарып, алтын медалды мекенине алып келди.