Бүгүн, 12-июнда Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы болуп өттү.

14.06.2026  12:01

11

Бүгүн, 12-июнда Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы болуп өттү.

Бүгүн, 12-июнда Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы болуп өттү.

🔹Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган эл өкүлдөрү, шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

🔹Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Манас шаарындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.

2. Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө.

3. Манас шаарындагы трансформаторлорду муниципалдык менчикке кабыл алып, Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө.

4. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 7-июлундагы кезексиз X сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

5. Манас шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы жана М.Конгентиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жайыт жерлердин иш планын бекитүү жөнүндө.

6. Манас шаарындагы №75 кесиптик лицейге ысым ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө.

7. Манас шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ысым ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө.

8. Манас шаарындагы Жеңиш эс алуу багынын аталышын өзгөртүү жөнүндө.

9. Манас шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары боюнча.

10. Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2027-жылга долбоорун жана 2028–2029-жылдарга болжолун жактыруу жөнүндө.

11. «Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы» мекемеси тарабынан акы төлөнүүчү кызматтарды бекитүү жөнүндө.

12. Манас шаарындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу багын жана «Данек» муниципалдык балдар ойноочу жайын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

13. Манас шаарындагы «Жеңиш паркын модернизациялоо жана башкаруу» долбоорунун алкагында «Жеңиш» эс алуу багынын ижара акысын бекитүү жөнүндө.

14. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө (регламент).

15. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө.

16. Туруктуу комиссиялардын курамы жөнүндө.

Сессияда каралган маселелер боюнча депутаттар тарабынан суроолор жана сунуштар айтылып, талкуулардын жыйынтыгында бардык маселелер колдоого алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.