Бүгүн, 29-май күнү Манас шаарынын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты белгиленүүдө. Алардын катарында Курманбек баатыр атындагы лицейде да бүтүрүүчүлөр үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

29.05.2026  12:30

7

🔹Аталган иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов катышты.

Анда төрага мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттуктап,келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты уул-кыздардан болууга чакырды.

🔹Мындан сырткары, Манас шаарындагы бардык мектептерде өткөрүлүп жаткан “Акыркы коңгуроо” салтанаттарына шаардык кеңештин депутаттары да катышып, бүтүрүүчүлөргө жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

📍 Белгилей кетсек, быйыл Манас шаарында жалпы 1767 окуучу 11-классты, ал эми 4128 окуучу 9-классты аяктап жатат.