Бүгүн Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму өтүп жатат.

09.04.2026  17:00

8

Бүгүн Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму өтүп жатат.

Бүгүн Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму өтүп жатат.

Форумга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаардык депутаттар кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” төрагасы Жакшылык Бекназаров, мамлекеттик жана жеке ишкерлер, маданият өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Шаардык кеңештин төрагасы өз сөзүндө жаштардын мындай демилгелерин ар тараптуу колдоого даяр экенин белгилеп, бул форум жаңы ишкерлерди жаратууга, инвестиция тартууга жана экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган маанилүү кадам экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, форумдун алкагында мэриянын чоң жыйындар залында жаш ишкерлер үчүн бизнес форум уюштурулуп, тажрыйбалуу ишкерлер тарабынан мастер-класстар өтүлүп, жаштарга бизнес баштоо, долбоор жазуу жана инвестиция тартуу боюнча пайдалуу кеңештер берилди.