Бүгүн Манас шаарындагы Иманалы Сатыбаев атындагы №19 орто мектебинде аскерге чейинки даярдоо кабинети ачылды.
22.12.2025 09:41
2
Бүгүн Манас шаарындагы Иманалы Сатыбаев атындагы №19 орто мектебинде аскерге чейинки даярдоо кабинети ачылды.
Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов баштаган бирикменин өкүлдөрү, аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдери, мектеп жамааты, окуучулар катышты.
Жаңы ачылган кабинет жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого, аскердик-патриоттук билимди чыңдоого багытталган.
Белгилей кетсек, мындай кабинет Манас шаарындагы мектептер арасында биринчи жолу ачылды.
Демилге «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси тарабынан көтөрүлүп, ага «Кугарт жаштар биримдиги» демөөрчүлүк кылган.
Салтанаттуу иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.