ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫКТАРЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
17.03.2026 17:40
9
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов,шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Чынгыз Айтматов жана Курманбек аймактык башкармалыктарында жергиликтүү тургундар менен жеринде жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тургундар өздөрүн түйшөлткөн социалдык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү. Чынгыз Айтматов аймактык башкармалыгынын аймагындагы №17 орто мектеп авариялык абалда экени белгиленди. Анда 800дөн ашуун окуучу билим алат. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн тез арада жаңы мектеп куруу зарылдыгы бар.
Мындан тышкары, Тилек 2, 3, 5 көчөлөрүн кеңейтүү, ички жолдорго шагал төгүү, ошондой эле Былык Баймурзаев көчөсүндө сел суулары турак жайларды каптоо коркунучу бар экендиги айтылды. Бул маселени чечүү үчүн сел арыктарынын нугун өзгөртүү жана инженердик коргоо чараларын көрүү зарылдыгы белгиленди.
Ал эми Курманбек аймактык башкармалыгында калкты таза суу менен камсыздоо, жолдорду куруу жана оңдоо, арык-канал системаларын жакшыртуу, ошондой эле маршруттук коомдук транспорт каттамдарын уюштуруу маселелери негизги көйгөйлөр катары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тургундардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланып,тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар милдеттендирилди.