ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
27.03.2026 15:30
3
Бүгүн, 27-март — Эл аралык театр күнүнө карата Манас шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында майрамдык иш-чара болуп өттү.
Салтанатка Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбеков, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коноктор катышты.
Майрамдык иш-чарада төрага театр кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, театрдын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле коомдогу орчундуу окуяларды элдин жүрөгүнө жеткиликтүү жеткирип келе жаткан жамаатка Манас шаардык кеңешинин ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарада аталган маданий мекеменин артисттери тарабынан «Театр станциясы» аталышындагы музыкалык комедиясы келген конокторго тартууланды.