ЭСКИЛИГИ ЖЕТКЕН ТЕХНИКАЛАРДЫ ЭСЕПТЕН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЖЕРИНЕН ТЕКШЕРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
09.04.2026 16:25
1
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу жана Манас шаардык депутаттар кеңешинин Курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы Манас шаарынын мэриясына караган коммуналдык мекемелердин, анын ичинен “Жылуулук” муниципалдык ишканасынын,Манас Суу канал башкармалыгынын, “Жүргүнчүлөр автобазасы” муниципалдык ишканасынын жана “Манас тазалык” муниципалдык мекемесинин эскилиги жеткен техника каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча сунуштарын жеринен текшеришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү техникалардын абалы менен таанышып, алардын ишке жарактуулугун, пайдалануу мөөнөтүн жана мындан аркы эксплуатациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Ошондой эле, айрым техникалар толук эскирип, оңдоп-түзөөгө жараксыз абалга жеткени аныкталып, маселе алдыда боло турган сессияга сунушталды.