ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

02.12.2025  10:02

3

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

🔹Абу-Даби шаарында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган спортчулар мекенге кайтты. Бүгүн 1-декабрда аларды Жалал-Абад аэропортунда салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.

🔹Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, спортчулар, машыктыруучулар жана чемпиондордун жакындары катышты.

🔹 Төраганын орун басары Каныбек Маманов спортчуларды жараткан ийгилиги менен куттуктап, бул жеңиш жалпы Манас шаарынын жеңиши деп белгиледи.

🔹Эскерте кетсек, 2025-жылдын 21-30-ноябрь күндөрү Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Ага 80ден ашык мамлекеттен спортчулар катышкан. Анда Манас шаарынын балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Хожиакбар Камбаров 1-орунду багындырды.

Ал эми 94 кг салмакта таймашкан Тахир Марасулов да төрт мамлекеттен келген спортчуларды жеңип, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталды.