III элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер талкууга алынды
17.11.2025 07:58
14
📁 2024-жылдагы III Элдик Курултайда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жарыш сөздө жана кат түрүндө кайрылууларда түшкөн маселелердин аткарылышы боюнча Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Араван, Ноокат райондорунун жергиликтүү бийлик органдары, айыл өкмөттөрү менен министрдин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев түз байланышта видео жыйын өткөрдү.
📌 Жалпы аталган төрт район боюнча курултайдын делегаттарынан 53 суроо келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу -14, ирригация – 23 жана мындан сырткары кайра иштетүү өнөр жайын, чакан ишканаларды куруу, жайыт маселесин чечүү боюнча кайрылуулар болгон.
📣 Видео байланыш аркылуу өткөн жыйында жергиликтүү бийлик органдарына элеттиктерден келип түшкөн маселелерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү тапшырмасы коюлду.