КӨК-АРТ МУНИЦИПАЛДЫК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

27.03.2026  16:45

5

КӨК-АРТ МУНИЦИПАЛДЫК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусунун тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Мавлянов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда аймактын негизги көйгөйлөрү көтөрүлдү. Атап айтканда, №16 Э.Арапбаев орто мектебинин эски имаратын бала бакчага берүү, жаңы бала бакча куруу, эскилиги жеткен ФАПтын имаратын жаңылоо, электр мамычаларын алмаштыруу, трансформатор орнотуу, жолдорду кеңейтүү сыяктуу маселелер айтылды.

Жашоочулардын көйгөйлөрүн уккан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сунуштарды 6 айлык бюджеттин алкагында карап чыгып, артыкчылыктуу маселелерди быйылкы планга киргизүүнү убадалашты.