Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев Манас шаарына иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында ал Манас шаарынын Лавдан–Кара айыл аймагында бала бакча куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен жеринде таанышты.
20.06.2026 10:00
6

Жолугушууга Манас шаардык кеңешинин бир катар депутаттары, шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов жана социалдык маселелер боюнча орун басары Кубанычбек Шерматов катышты.
Анда төрага мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, жаңы бала бакчанын курулушу аймактагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жакшыртууга өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.