Кыялымдагы Кыргызстан –2026” форуму Манаста иш жүзүндө башталды

08.04.2026  16:35

5

Кыялымдагы Кыргызстан –2026” форуму Манаста иш жүзүндө башталды

Кыялымдагы Кыргызстан –2026” форуму Манаста иш жүзүндө башталды

🔹Бүгүн, 8-апрелде Манас шаарындагы “Манас” стеласында Кыргызстан Жаштар кыймылы тарабынан уюштурулган “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында желек илүү жана дарак отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

🔹Аталган иш-чарага облус башчысынын биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров жана жаштардан куралган ыктыярчылар катышты.

🔹Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу мындай масштабдуу демилгенин жаштар тарабынан Манас шаарында уюштурулуп жатканы шаарыбыз үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, шаардык кеңеш жаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.