МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИНИН БЮДЖЕТ, ЭКОНОМИКА, КАРЖЫ ЖАНА САЛЫКТАР БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
04.06.2026 18:27
12
МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИНИН БЮДЖЕТ, ЭКОНОМИКА, КАРЖЫ ЖАНА САЛЫКТАР БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө күн тартибине киргизилген бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү тарабынан маалыматтар берилди.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер талкууланды:
1. Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-июлундагы кезексиз X сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
2. Манас шаарынын мэриясынын Т. Тайгараев жана М. Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жайыт жерлер боюнча 1 жылдык иш планын бекитүү жөнүндө;
3. Курманбек Баатыр атындагы балдар лицейинин имаратынын ижара акысы жөнүндө;
4. «Данек» муниципалдык балдар оюн-зоок борборун ижарага берүү жөнүндө.
Каралган маселелер боюнча депутаттар тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылды. Талкуунун жыйынтыгында биринчи жана экинчи маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алдыдагы сессиянын кароосуна сунушталды.
Ал эми Курманбек Баатыр атындагы балдар лицейинин имаратынын ижара акысы жөнүндө жана «Данек» муниципалдык балдар оюн-зоок борборун ижарага берүү жөнүндө маселелер комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан жок. Аталган маселелер боюнча кошумча маалыматтарды жана негиздемелерди толуктоо зарылдыгы белгиленип, аларды кайрадан иштеп чыгып, комиссиянын кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.