Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
11.06.2026 16:20
10
Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Манас шаарынын 2027-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору, ошондой эле 2028–2029-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу прогнозу каралды. Депутаттар тарабынан бюджеттик көрсөткүчтөр талданып, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган негизги артыкчылыктуу багыттар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Мындан тышкары, “Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы” мекемеси тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү маселеси талкууланды. Анда мекеменин ишмердүүлүгү, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү жана алардын экономикалык негиздемелери тууралуу маалыматтар угулуп, тиешелүү чечим долбоору каралды.
Отурумдун жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү сунуштар берилип, аларды Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.