Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп өттү.
25.12.2025 10:20
3
Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен ФАП курууга макулдук берүү;
2. Манас шаарынын топографиялык сүрөткө тартуу, курулуш, жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана деталдуу пландоо долбоорун даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 60 000 000 (алтымыш миллион) сом боюнча;
3. Ичүүчү сууга болгон тарифтерди жогорулатуу боюнча;
4. Таштандыга болгон төлөмдөрдү жогорулатуу боюнча.
Отурумда каралган маселелер депутаттар тарабынан талкууга алынып, сунуш-пикирлер эске алынуу менен колдоо тапты. Бул маселелер алдыда өтүүчү сессияда каралат.