Манас шаардык депутаттар кеңешинин кеңейтилген жыйыны болуп өттү

24.04.2026  15:30

9

Манас шаардык депутаттар кеңешинин кеңейтилген жыйыны болуп өттү

Манас шаардык депутаттар кеңешинин кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Жыйынга Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү болгон депутаттар жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда төмөнкү маселелер каралды:

1. Манас шаарынын Барпы Сейил көчөсү №79В дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратты жана «Данек» балдар оюн-зоок борборун ижарага берүү жөнүндө;

2. Манас шаарынын Пушкин көчөсү №150а дарегинде жаңы курулган мектептин электр энергиясын тейлөөнү Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө;

3. Манас шаарынын Спутник-6 көчөсү №35 дарегинде жайгашкан 600,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Жалал-Абад облустук прокуратурасына кызматтык үй куруу үчүн оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө;

4. Манас шаарынын Д. Малашов көчөсүндөгү 570,0 чарчы метр жана 1000,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер тилкелерди Мамлекеттик ипотекалык компания ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө;

5. Манас шаарынын Эркиндик көчөсү №11 дарегинде жайгашкан административдик имаратты тиешелүү жер тилкеси менен бирге Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин аймактык бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

🔹Жыйында каралган бардык маселелер алдыдагы сессиянын кароосуна сунушталды.