МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИНИН КУРУЛУШ, КОММУНАЛДЫК ЧАРБА, МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
03.06.2026 14:30
10
МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИНИН КУРУЛУШ, КОММУНАЛДЫК ЧАРБА, МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн, 3- июнь күнү Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулунун катышуусунда, Манас шаардык депутаттар кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясыны кезектеги отуруму болуп өттү.
КҮН ТАРТИБИ:
1. М. Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Таш-Булак жана Жаңы-Арал айылдарындагы 7 даана трансформаторду муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө.
2. Манас шаарынын Б. Алыкулов жана С. Ибраимов көчөлөрүндөгү жеке менчик жер тилкелерин кенемте төлөө жолу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө.
3. Манас шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүндөгү №42 жана №44 даректеринде жайгашкан жалпы аянты 3091,0 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкелеринин багытын өндүрүштүк багыттан көп кабаттуу турак жай куруу багытына өзгөртүү жөнүндө.
4. Манас шаарынын Барпы Сейил, Ж. Бакиев көчөлөрүндөгү жана Т. Байзаков проспектисиндеги 103 жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алып, аларды Мамлекеттик Ипотекалык Компания ААКка мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселелер тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттар тарабынан кеңири талкууланып, ар тараптуу каралды. Жыйынтыгында аталган маселелер Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.