Манас шаардык депутаттар кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
11.06.2026 16:00
12
Манас шаардык депутаттар кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана муниципалдык менчикти натыйжалуу башкарууга байланышкан бир катар маселелер каралды.
Атап айтканда, Манас шаарынын Тарсус көчөсүндө жайгашкан трансформаторду муниципалдык менчикке кабыл алуу жана андан ары Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү маселеси талкууланды. Бул демилге электр энергиясы менен камсыздоо тармагындагы объектилерди мыйзамдаштыруу жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе каралды. Тактап айтканда, Манас шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланып, алардын шаарды келечектүү өнүктүрүүдөгү мааниси белгиленди. Башкы планга өзгөртүү киргизүү шаар аймагын туура пландаштыруу, жаңы объектилерди жайгаштыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналары айтылды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү маалыматтар угулуп, комиссия мүчөлөрү тарабынан сунуш-пикирлер берилди. Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аларды Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизүү сунушталды.