Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун бий ийриминин окуучуларынан түзүлгөн “Кыз-Бийке” ансамблин кабыл алды.
15.05.2026 14:00
10
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун бий ийриминин окуучуларынан түзүлгөн “Кыз-Бийке” ансамблин кабыл алды.
Белгилей кетсек, таланттуу окуучулар 2026-жылдын 1–6-май күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык “Astanastars” сынагында 74 команданын арасынан гран-прини жеңип алышкан.
Кабыл алуу учурунда шаардык кеңештин төрагасы жаш болсо да чет өлкөдө чоң ийгилик жаратып, Манас шаарынын жана Кыргызстандын намысын татыктуу коргогон окуучулар биздин сыймыгыбыз деп белгиледи.
Ошондой эле « Ариет» балдар чыгармачыл борборунун жетекчиси Жыпар Аманкуловага жана ансамблдин жетекчилерине, мугалимдерге ыраазычылык билдирип, жаш таланттарга мындан ары да ийгиликтерди каалады.