Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган бир катар эл өкүлдөрү, мэрдин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов Курманбек аймактык башкаруусунун Дача аймагындагы жашоочулардын даттанууларын угушту.

20.04.2026  15:35

10

🔹Жолугушууда тургундар топурак казуу иштерин жүргүзгөн карьер коопсуздук эрежелерин сактабагандыгын белгилешти. Алардын айтымында, бул абал аймактагы жашоочуларга, өзгөчө балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

🔹Мындан тышкары, аталган аймакта сибирь жарасы (сибирский язва) оорусу катталган мал көмүлгөн жайдын бузулуп калганы да тынчсыздануу жаратууда. Бул жагдай инфекциянын жайылып кетүү коркунучун күчөтөрү айтылды.

Ошондой эле тургундар суу түтүктөрүнүн эскирип калганын билдирип, аларды жаңылоо зарылдыгын көтөрүштү.

🔹Көйгөйлөрдү жеринен уккан тиешелүү жетекчилер коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча тапшырмаларды беришти. Мындан сырткары, суу түтүктөрүн жаңылоо маселеси жакынкы күндөрү чечилери белгиленди.