Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы болуп Аскат Талант уулу шайланды.

09.03.2026  14:25

9

Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы болуп Аскат Талант уулу шайланды.

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз ХХIV сессия болуп өттү.

Күн тартибиндеги негизги маселе катары төраганы шайлоо каралып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен Аскат Талант уулу Манас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Аскат Талант уулу

▪️1993-жылы 9-июлда Сузак районунда төрөлгөн.

▪️Билими жогорку. Кыргыз Улуттук универиситетинин Юридикалык факультетин аяктаган.

▪️Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

▪️Эмгек жолу:

- 2016-2019- жж Жалал-Абад шаардык сотунун сот отурумунун катчысы.

- 2019-2025-жж Жактоочу- юрист.

- 2025-2026-жж. Жеке нотариус.

- 2024-жылы “Эмгек” саясый партиясынан Манас шаарык кеңешинин Х чакырылышынын депутат болуп шайланган.

▪️2026-жылдын 9-мартынан тарта Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы.

🔹Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын төрагасы кызматын Болотов Нуртилек Болотович ээлеп келген. Өз арызынын негизинде ал аталган кызматтан бошотулду.