Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы болуп өттү.
11.12.2025 17:06
5
Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы болуп өттү.
Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов баштаган эл өкүлдөрү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме–ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Күн тартибинде жалпы 15 маселе каралды:
1. Манас шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө;
2. Манас шаардык кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
3. Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №6 дарегиндеги администрадивдик имаратындагы жыйын өтүүчү залын убактылуу ижарага берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү;
4. Манас шаарында каттоочу муниципалдык автобустардын калкка көрсөтүүчү кызмат акысы жөнүндө;
5. Компьютерлерди өткөрүп берүү жөнүндө;
6. Манас шаарындагы фудбол уюмдарынын (академиялар, спорттук базалар, футболдук клубдар) коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдик берүү жөнүндө;
7. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө
(Манас шаарынын Эркиндик көчөсүнүн №85 дарегинде жайгашкан №5 батир)
8. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө;
(Соолихин мечитине 350,0 чарчы метр жер тилкесин берүү)
9. Манас шаарындагы мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө;
(Стоматология, ГИК откана, И.Халдаров)
10. Таш-Булак айылдык кеңешинин 28.11.2023-жылдагы VIII чакырылышынын XXVIII сессиясынын Nº47 токтомун жокко чьгаруу жөнүндө;
11.Манас шаарындагы муниципалдык
трансформаторлорду Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө;
12.Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык имараттарын оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө;
(Бокс академия, керкем сурет, Nº14-мектеп)
13.Манас шаардык депутаттар кенешинин IX
чакырылышынын 03.02.2022-жылдагы кезектеги XIV
сессиясынын Nº4-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
(Курманбек 8 дарегиндеги 800,0 чарчы метр имарат);
14. Достук муниципалдык аймактык башкаруусундагы ВЛКСМ көчөсүнө Абдылла уулу Чыйбыл болуштун ысымын ыйгаруу жөнүндө;
15. Манас шаардык депутаттар кенешинин туруктуу комиссияларынын курамын өзгөртүү жөнүндө.
Сессияда күн тартибине коюлган маселелер боюнча эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир добуштан колдоого алынды.