Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы болуп өттү.

17.02.2026  09:18

11

Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы болуп өттү.

Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы болуп өттү.

Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган эл өкүлдөрү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме–ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Күн тарбинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Манас шаарынын 2025-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн багыты боюнча шаар мэриясынын отчёту жөнүндө;

2. Манас шаарынын 2026–2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө;

3. Манас шаарынын 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө;

4. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын муниципалдык “Тазалык” мекемесине контейнерлерди сатып алуу боюнча долбоорду каржылоо жана улуттук каржылоосу боюнча берүү жөнүндө;

5. Манас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан көрсөтүлгөн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө;

6. Манас шаарынын “Жол башкармалыгы” мекемесинин акы алып кызмат көрсөтүүнүн наркына макулдук берүү жөнүндө;

7. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жобосун Манас шаарынын мэриясы деп өзгөртүү менен кайра каттоо жөнүндө;

8. Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө;

9. Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө;

10. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө;

11. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги ХХXVI сессиясынын №7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;

12. Манас шаарындагы автоунаа токтоочу жайларды жана автоунаа токтотууга алынуучу төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө;

13. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.

🔹Сессияда күн тартибине коюлган маселелер боюнча эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берип, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир добуштан колдоого алынды.