Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы болуп өттү.
28.05.2026 15:00
8
Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы болуп өттү.
Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган эл өкүлдөрү, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, мекеме–ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Күн тарбинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 16.02.2026-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (бюджеттин 6 айлыгы)
2. Манас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчетун кароо жөнүндө.
3. Электр жабдууларын Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө.
4. Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө.
5. Манас шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө.
6. Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө.
7. Манас шаардык кеңешинин 16.02.2026-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын №8 токтому менен бекитилген Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
8. Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан берилүүчү тактамалар жөнүндө.
9. Муниципалдык унаа базарын аукциондун негизинде ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
10. “Данек” муниципалдык балдар ойноочу жайын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
11. Муниципалдык имаратты ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
12. Манас шаардык кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
13. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө.
14. Манас шаардык кеңешинин 13.04.2026-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №4 тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
15. Кайрымдуулук борборунун ишмердүүлүгү боюнча тактама.
16. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган №12 токтому көрсөтүлгөн Ашуров кичи көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2077,80 чарчы метр жер тилкеге көп кабаттуу турак-жай куруу максатында конкурс жарыялоо үчүн 20 % баштапкы баасын берүү боюнча.
17. Ар түрдүү маселелер.
Сессияда күн тартибине коюлган маселелер боюнча эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берип, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир добуштан колдоого алынды.