МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ АЛДЫҢКЫ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРДЫ

25.04.2026  17:30

8

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ АЛДЫҢКЫ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРДЫ

Манас шаардык кеңешинин депутаттары Манас шаарынын мэринин кубогуна арналган волейбол жана кичи футбол боюнча муниципалдык мекемелердин кызматкерлери арасында өткөрүлгөн мелдешке активдүү катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Эркектер арасында өткөн кичи футбол боюнча мелдеште депутаттар командасы II орунду камсыз кылса, ал эми кыз-келиндер арасында өткөн волейбол оюнунда депутат айымдар I орунду жеңип алышты.

🔹Мелдеште шаар мэри Абдупата Маткаликов жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөн командаларга куттуктоо айтып, спорт — ден соолуктун булагы экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал ар бир кызматкерди иш менен катар ден соолугуна кам көрүүгө чакырды.

🔹Жалпысынан мелдештер кызыктуу жана курч атаандаштыкта өтүп, катышуучулар жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

🔹Белгилей кетсек, аталган мелдеш 1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Манас шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.