Манас шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги кыдыруусу болуп өттү
07.04.2026 15:45
4
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баш болгон Манас шаардык кеңешинин социалдык жана укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, саясий партиялар, коомдук уюмдар, жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы Манас шаарынын мэриясынын кайрымдуулук борборунун жана мэрияга караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» борборлорунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Текшерүүнүн жүргүшүндө аталган борбордо 70ке чукуул селсаяк жана муктаж жарандарга Манас шаарынын мэриясы тарабынан акысыз тамак-аш берилери, буга атайын жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнөөрү маалымдалды.
Бирок, комиссия мүчөлөрү түшкү тамактануу маалында борбордо тамак-аш даярдалып жатканын жана муктаж жарандардын келип тамактанып жатканын байкаган жок.
Аталган жагдай боюнча шаардык кеңештин депутаттары тарабынан тиешелүү эскертүүлөр берилип, жооптуу кызматкерлерге ишти жакшыртуу боюнча тапшырмалар коюлду.
Мындан тышкары, комиссия М. Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан балдарга жардам берүү максатында иштеп жаткан реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгү менен да таанышты.
Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн түзүлгөн шарттар, көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана алардын муктаждыктарына күбө болушту.
Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия тарабынан борборлордун ишин жакшыртуу, кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча бир катар пландар түзүлдү.