МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН Х ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

09.03.2026  13:36

8

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН Х ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Манас шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы болуп өттү.

Ага Манас шаардык кеңешинин депутаттары, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 2 маселе каралды:

1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө;

2. Туруктуу комиссиянын курамын бекитүү

Күн тартибине ылайык, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жабык добуш берүү менен өтүп, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен Аскат Талант уулу Манас шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.