Манас шаардык кеңешинин социалдык жана укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар жана коомдук уюмдар, ошондой эле жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы шаар аймагындагы бир катар спорттук мекемелердин
25.04.2026 09:08
10
Манас шаардык кеңешинин социалдык жана укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар жана коомдук уюмдар, ошондой эле жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы шаар аймагындагы бир катар спорттук мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Комиссия мүчөлөрү Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебине, Исхак Раззаков атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебине жана «Газпром» спорт комплексине барып, алардын учурдагы абалын жеринен көрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө спорт мектептеринде түзүлгөн шарттарга баа берилип, айрым мекемелерде материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги, балдар үчүн толук кандуу шарттардын түзүлбөгөнү аныкталды. Комиссия мүчөлөрү бул багыттагы көйгөйлөрдү жоюу жана мекемелердин муктаждыктарын чечүү жолдорун талкуулашты.
Ошондой эле алар жогорку жетишкендиктерге жетишүү үчүн спортчуларга сапаттуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгилешти. Бул багытта машыгуу залдарынын шарттарын жакшыртуу менен катар, жаш спортчуларды мелдештерге, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катыштыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарылдыгы айтылды.