Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу Манас шаарынын Жол башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Иш-чарага коммуналдык чарба боюнча мэрдин орун басары Нурказы Маданов катышып, тармактагы иштер анын көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканы
15.04.2026 14:00
2
Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу Манас шаарынын Жол башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Иш-чарага коммуналдык чарба боюнча мэрдин орун басары Нурказы Маданов катышып, тармактагы иштер анын көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Текшерүүнүн алкагында жол башкармалыгына караштуу атайын техникалардын абалы, алардын ишке даярдыгы, жолдорду оңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Атап айтканда, шаар ичиндеги жолдорду жамоо (ямочный ремонт), асфальттоо, жол жээктерин тазалоо, суу өткөрүүчү арыктарды иретке келтирүү сыяктуу негизги багыттар боюнча иштердин жүрүшүнө баа берилди.
Төрага тарабынан быйылкы жылга карата тендердик процедуралардын кечигип жатканы сынга алынып, анын кесепетинен жолдорду жамоо жана оңдоо иштери өз убагында башталбай жаткандыгы белгиленди. Мындан улам, тиешелүү кызматтарга тендердик иштерди тездетүү,техникаларды толук кандуу ишке тартуу жана шаар ичиндеги жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясында аталган мекеменин ишмердүүлүгүнө боюнча депутаттар тарабынан сын-пикирлер айтылып,иштердин сапатын жана жоопкерчиликти жогорулатуу зарылдыгы көтөрүлгөн болчу.