МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ШААР МЭРИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ АНКАРАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫ

18.12.2025  10:52

1

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ШААР МЭРИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ АНКАРАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили баштаган Түркия Республикасынан келген расмий делегацияны кабыл алды.

🔹Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхый достук мамиле жана боордоштук байланыштар боюнча кеңири кеп козголду. Ошондой эле мындай жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, социалдык-экономикалык жана туристтик багыттардагы алакаларды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешип, белектерди тапшырды.