МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА ДЕПУТАТТАР «ОРУСИЯНЫ ТААНЫ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА МОСКВАДАГЫ ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ
15.12.2025 09:40
2
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАНА ДЕПУТАТТАР «ОРУСИЯНЫ ТААНЫ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА МОСКВАДАГЫ ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ
8-12-декабрь күндөрү АНО «Евразия» тарабынан уюштурулган «Орусияны тааны» долбоорунун алкагында уюштурулган делегацияга Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган бир катар депутаттар Айбек Абдиллаев, Марлен Турдукулов, Исмаил Мурсалиев катышты.
Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин жаш депутаттары бар.
Иш-чаранын расмий бөлүгү россиялык мамлекеттик органдардагы эксперттик сессиялар болду. Делегация Москва шаардык Думасына жана Россия Федерациясынын Федерация Кеңешине барып, мыйзам чыгаруучу органдардын иш тартиби, чечим кабыл алуу процесси, мамлекеттик бийликтин ар кандай деңгээлдеринин өз ара кызматташуусу менен жакындан таанышты.
Төрага Нуртилек Болотов: “Москвадагы жолугушуулар Манас шаардык кеңешинин депутаттары үчүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында баалуу тажрыйба алмашууга, россиялык кесиптештер менен түз байланыш орнотууга жана келечектеги бирдиктүү долбоорлорго жол ачууга мүмкүндүк берди. Бул визит жаш жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чара болду,”- деп белгиледи.