Манас шаардык кеңешинин төрагасы жана Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү көчөлөрг

03.06.2026  14:30

3

Манас шаардык кеңешинин төрагасы жана Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча жарандардан келип түшкөн сунуштарды жеринен карап чыгышты.

🔹Иш сапардын алкагында комиссия мүчөлөрү Манас шаарындагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча сунуштар талкууланып, жашоочулардын пикири жана макулдугу угулду.

🔹Ошондой эле эл өкүлдөрү көчөгө ысым ыйгарууга кызыкдар тараптарга мыйзам талаптары, тиешелүү документтерди даярдоо тартиби жана жарандардын макулдугун алуу боюнча милдеттер тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

🔹Жыйынтыгында комиссия тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, тиешелүү материалдарды мыйзам талаптарына ылайык толуктап даярдоо боюнча сунуштар берилди. Көчөлөргө ысым ыйгаруу маселеси боюнча акыркы чечим белгиленген тартипте каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кароосуна сунушталат.