Манас шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү
30.03.2026 12:50
7
Манас шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү
Манас шаардык кеңешинин социалдык жана укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, саясий партиялар, коомдук уюмдар, жаштар иштери, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун алкагында шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, ошондой эле шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн ишмердүүлүгү каралды.
Мында 2026-жылга карата бекитилген иш мерчемине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана андан жабыр тарткан жарандарды коргоо боюнча чараларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.