МАНАС ШААРЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТУРИСТТИК БОРБОРУ СТАТУСУН АНКАРА ШААРЫНА ӨТКӨРҮП БЕРДИ
19.12.2025 16:38
2
МАНАС ШААРЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТУРИСТТИК БОРБОРУ СТАТУСУН АНКАРА ШААРЫНА ӨТКӨРҮП БЕРДИ
Манас шаарында Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусун Манас шаарынан Анкара шаарына өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аземге Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили баштаган Түркия Республикасынан келген расмий делегация, ошондой эле билим берүү мекемелеринин студенттери катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө эки боордош элдин тарыхый достугун, маданий жана руханий байланыштарын даңазалаган сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, кыргыз жана түрк элдеринин чыгармалары жаңырды.
Төрага Манас шаары бай тарыхы, кооз жаратылышы, эс алуучу жайлары жана улуттук даамдары менен келген коноктордун купулуна толоорун белгилеп, эки элдин достук мамилеси түбөлүк болушуна тилектеш экендигин белгиледи.
Иш- чаранын негизги бөлүгүндө Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусу Манас шаарынан Анкара шаарына расмий түрдө өткөрүлүп берилип, тиешелүү символикалык ачкыч Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тарабынан Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгилиге тапшырылды.
Белгилей кетсек, Манас шаары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Түрк мамлекеттер уюму тарабынан колдоого алынып, 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.