Манас шаарында 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
24.02.2026 13:25
11
Манас шаарында 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Марлен Турдукулов, Манас шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шерматов, аскер кызматкерлери, ардагерлер, шаар тургундары жана студенттер катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Ата Мекенди коргоочулардын майрамы менен куттуктоолор айтылып, күч түзүмдөрүндө эмгектенип жаткан бир катар кызматкерлерге, ошондой эле шаардын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан ар тармактын өкүлдөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.