МАНАС ШААРЫНДА 3-ДЕКАБРЬ-ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

04.12.2025  10:52

2

🔹Манас шаарынын мэриясы, шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте 3-декабрь - Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди.

🔹Иш-чарага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

🔹Каныбек Маманов Манас шаардык кеңеши мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрүнө ар дайым олуттуу көңүл буруп келээрин белгилеп, аларга бекем ден соолук калоо менен бирге шаардык кеңештин депутаттарынын атынан атайын даярдалган белектерин тапшырышты.

🔹Белгилей кетсек, бул саамалык шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулуп, маданият сарайынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.