МАНАС ШААРЫНДА “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” АЛГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ

25.06.2026  10:00

8

МАНАС ШААРЫНДА “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” АЛГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн, 25-июнда Манас шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2025–2026-окуу жылында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи болуп өттү. Иш-чарада Манас шаардык кеңешинин депутаты Уларкан Бекешова бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

🔹Сыйлоо аземине Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Миндирман Элеманов, мектеп директорлору жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Депутат куттуктоо сөзүндө ийгилик жараткан окуучуларга кайрылып, Манас шаарынын билим деңгээлин республикага тааныткан бүтүрүүчүлөргө бекем ден соолук, кең келечек жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

🔹Сыйлоо аземинин жүрүшүндө ийгилик жараткан окуучуларга Манас шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, окуучулардын ата-энелерине, мугалимдерге Манас шаарынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

📍Белгилей кетсек, Манас шаарында быйыл 1767 окуучу 11-классты аяктап, алардын ичинен 3 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болсо, дагы бир окуучу жогорку балл көрсөткөн.