МАНАС ШААРЫНДА ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
15.05.2026 11:30
10
Бүгүн, 15-майда Манас шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин депутаттары, баатыр энелер, шаардагы мекеме –ишканаларда эмгектенген энелер, шаар тургундары катышты.
Анда төрага коомдогу энелердин ордун баса белгилеп, энелер ар бир үйдүн куту, үй-бүлөнүн жүрөгү жана коомдун тиреги экендигине токтолду. Ошондой эле энелердин мээрими, тарбиясы жана ак эмгеги менен келечек муун өсүп-өнөрүн айтып, алардын коомду өнүктүрүүдөгү салымы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге арналган концерттик программа уюштурулуп, келгендерге майрамдык маанай тартууланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде энелер күнү белгиленет.
Учурда Манас шаарында 250дөн ашуун “Баатыр эне” жана 50 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.Меньш