МАНАС ШААРЫНДА КОММУНАЛДЫК ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

19.03.2026  12:30

3

МАНАС ШААРЫНДА КОММУНАЛДЫК ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн 19-мартта Манас шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, коммуналдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

🔹Анда төрага Аскат Талант уулу майрам ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап,шаарыбыздын тазалыгын, көрктүүлүгүн, тургундардын жайлуу жашоосун камсыз кылууда коммуналдык чарба кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис экендигин белгиледи.

🔹Иш-чарада аталган тармакта үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер Манас шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Ошондой эле кызматкерлер үчүн “Galaxy cinema” кинотеатрына билеттер тапшырылды.

🔹Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.