МАНАС ШААРЫНДА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА ОКУЛДУ

27.05.2026  09:00

7

МАНАС ШААРЫНДА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА ОКУЛДУ

МАНАС ШААРЫНДА КУРМАН АЙТ НАМАЗЫ “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА ОКУЛДУ

🔹Манас шаарындагы борбордук “Азаттык” аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Ага облус башчысынын орун басары Уларбек Исмаилов, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбеков жана шаар тургундары катышты.

🔹Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу жалпы шаар тургундарын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке, ынтымак жана бакубат жашоо каалады.

Айт намаз учурунда дин өкүлдөрү тарабынан Курман айттын мааниси, ынтымакты бекемдөө, кайрымдуулук жана муктаждарга жардам берүү тууралуу баяндар айтылып, өлкөнүн тынчтыгы, элдин амандыгы үчүн дубалар окулду.

📍Белгилей кетсек, айт намазын окуу үчүн 10 миңден ашуун шаар тургундары катышты.