МАНАС ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
03.03.2026 15:28
9
Бүгүн, 3-мартта, Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 34 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаар тургундары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, студенттер катышышты.
Майрамдык иш-чара "Манас" стеласындагы мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды.
Анда шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов Мамлекеттик туу эгемендүүлугүбүздүн ыйык символу экенин баса белгилеп, аны коргоо мекенди коргоо менен барабар деп белгиледи.
Белгилей кетсек, 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кабыл алынган күн. Быйыл мамлекеттик туунунун кабыл алынгандыгына 34 жыл толду.