МАНАС ШААРЫНДА “ МАРИЯМ МОЛ” СООДА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
26.01.2026 12:50
47
МАНАС ШААРЫНДА “ МАРИЯМ МОЛ” СООДА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
2026-жылдын 25-январында Манас шаарында «Мариям Мол» соода борбору пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, депутаттар, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
Иш-чарада белгиленгендей, мындай ири соода объекттеринин ачылышы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен катар жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Соода борбору 4 кабаттан туруп, 70 соода жайын камтыйт жана 300гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылат.