Манас шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү

28.03.2026  11:30

7

Манас шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү

28-мартта Манас шаарындагы фольклордук талаада массалык ишембилик өткөрүлдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баш болгон бир катар депутаттар, шаар мэри Абдупата Маткаликов, мэрдин орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жаштар катышты.

Ишембиликтин алкагында фольклордук талаасы, курорт токоюнун аймагы, “Манас” стеласынын айланасы тазаланып, иретке келтирилди.

Андан соң Манас шаардык кеңешинин демөөрчүлүгү менен ишембиликке катышкан жаштарга ысык тамак уюштурулду. Мындан сырткары,жергиликтүү ишкерлер- “Двойнящки” кондитердик цехи жана “Келечек” фирмасы тарабынан суусундуктар, пиццалар берилди.