МАНАС ШААРЫНДА СПОРТЧУЛАР ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРЫШТЫ
31.12.2025 11:04
2
МАНАС ШААРЫНДА СПОРТЧУЛАР ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРЫШТЫ
Манас шаарында спорт тармагында 2025-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Манас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө спорт жаатындагы ийгиликтер бааланып, орун алган айрым кемчиликтер, көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору тууралуу ой пикирлер айтылып, пикир алмашуулар болду.
Иш-чарада төрага спортчуларды келе жаткан 2026-жыл жаң- жылы менен куттуктап, жаңырган жылы да ийгиликтерди жарата беришине тилектештигин билдирди. Спорттун кайсы тармагы болбосун, шаардык спортчуларыбыз олимпиадаларда өз ордун табарына ишенээрин белгилеп, шаардык кеңеш ар дайым спортчуларды колдоого даяр экендигин кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда ийгилик жараткан спортчулар жана машыктыруучулар сыйланды.