Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленди.
09.05.2026 10:15
4
Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленди.
Майрамдык иш-чара Жамашов жана Абдраманов көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине чейин “Өлбөс полк” жөө жүрүшү менен коштолду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар мэри Абдупата Маткаликов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Светин, концлагердин мурдагы туткуну Валентина Симоненко, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Аталган жүрүшкө 3 миңден ашуун тургун катышып, колдоруна Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иретинде эстеликке гүл коюлуп, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерүү жасалды жана куран окулду.
Андан соң иш-чаранын расмий бөлүгү “Достук” эс алуу багында уланды. Анда Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу сөз сүйлөп, жалпы шаар тургундарын Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.
Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.