МАНАС ШААРЫНДАГЫ МАЛ СОЮУЧУ ЖАЙЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ

08.06.2026  15:30

9

МАНАС ШААРЫНДАГЫ МАЛ СОЮУЧУ ЖАЙЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ

МАНАС ШААРЫНДАГЫ МАЛ СОЮУЧУ ЖАЙЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ

🔹Манас шаардык депутаттар кеңешинин өнөр жай, соода, айыл чарба, инвестициялар жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы шаар аймагындагы мал союучу жайлардын санитардык абалын жана мыйзамдуу иш алып баруусун текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык талаптардын сакталышы, тиешелүү уруксат берүүчү документтердин болушу жана объекттердин ишмердүүлүгүнүн мыйзам талаптарына шайкештиги каралды.

🔹Жыйынтыгында санитардык абалы талапка жооп бербеген, ошондой эле документтери толук эмес болгон айрым мал союучу жайлардын ээлерине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, мыйзам талаптарын так сактоо милдеттендирилди.